"Жашыл мурас" акциясынын алкагында Нарында 950 көчөт отургузулду

"Жашыл мурас" улуттук компаниясынын алкагында күзгү көчөт отургузуу акциясы Нарын облусунан башталды. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги маалымдады.
Маалыматка ылайык, Нарын токой чарбасынын "Кара-Тал" токой бөлүгүнүн "Байболот" тилкесинде 3 гектардан ашык аянтка 950 түп "Тянь-Шань" карагайы отургузулган.
“Жашыл мурас” акциясына Нарын токой чарбасынын кызматкерлери, райондук жетекчилер, Нарын мамлекеттик университетинин жаштары тартылды. Акцияга катышкан айыл чарба министри Аскарбек Жаныбеков өлкө аймагында токой баскан аянттарды көбөйтүү максаты мөңгүлөрдүн кескин түрдө азайышына каршы күрөш экенин белгиледи.
“Жыл башында өлкө башчы демилгелеген “Жашыл мурас” акциясынын алкагында өлкө боюнча 6 миллион түп көчөт отургузуу пландалган. Жазында 4 миллион 600 миң көчөт тигилген. Эми күзгү көчөт отургузуу акциясын Нарындан баштап, Баткенден бүтүрөбүз. Анда жалпы 1 миллион 500 миңдей көчөт тигебиз. Күзүндө отургузулган көчөт жазында өсүп кетишине жакшы шарт түзүлөт",- деди Жаныбеков.
Жазында жалпы өлкө боюнча отургузулган 4 миллион 600 миң көчөттүн, 1 миллион 400 миңи өлкөдөгү токой чарбаларынын күчү менен 1 миң 282 гектар аянтка тигилген. Бул өткөн жылга салыштырмалуу эки эсеге жогору. Бүгүнкү күндө Токой чарбаларынын питомниктеринде 13 мллиондон ашык түп көчөт бар. Ал эми Нарын токой чарбасы жылына 35 гектар аянтка көчөт тигип турары айтылат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан