Ички иштер министрлиги "Жол кыймылы жөнүндө" мыйзамга өзгөртүү киргизип, ар бир автоунаага видеокаттоо (видеорегистратор) орнотууну милдеттендирген мыйзам долбоорун коомдук талкууга койду.
Министрлик видеокаттоо орнотуу коомдук коопсуздукту чыңдоого, айдоочулардын тартибин күчтөндүрүүгө шарт түзөрүн жана жол кырсыгы учурунда талашты чечүүгө жардам берерин билдирет. Мыйзам колдоо тапса, 2025-жылдын 1-январынан тарта күчүнө кирет.
Долбоорго ылайык, трактор, өзү жүрүүчү (самоход) унаалардан башка унаалардын бардыгы видеокаттоочу жабдык орнотуусу тийиш. Айрыкча жүргүнчү ташыган, кооптуу жүктөрдү ташыган унаалар милдеттүү түрдө койдурушу керек болот. Видеокаттоочу жабдык орнотулбаган унаалардын жолдо жүрүүсүнө тыюу салынат.
Белгилей кетсек, ИИМге мыйзам долбоорун даярдоо тапшырмасын Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров ушул жылдын апрель айында берген. Жарым жылдан кийин документ коомдук талкууга коюлду.