Ушул жылы Ош шаарында ВИЧти шилекей аркылуу аныктоочу экспресс тесттерди акысыз берген тестоматтар орнотулат. Бул тууралуу атайын өткөрүлгөн тегерек столдо айтылганын мэриянын маалымат кызматы билдирди.
ВИЧти текшерген тестти акысыз берген тестоматтар алгач пилоттук долбоор катары коомдук дарыканаларга коюлуп, акырындан аэропортко жана белгилүү жайларга да орнотулат. Ошондой эле Ош шаарындагы аэропортто мигранттарга ВИЧтин алдын алуу боюнча маалыматтык кампанияны күчөтүү пландалууда.
Жыйында жыл ичинде жасалган иштер, программанын ишке ашырылышы тууралуу маалымат берилип, шаардагы ВИЧ жуктургандардын жалпы статистикасы айтылган.
Белгилүү болгондой, 1-октябрга карата ВИЧ жуктуруп алган 1276 шаар тургуну катталган, анын ичинен 874ү эркектер, 401и аялдар. ВИЧке чалдыккандардын басымдуу көпчүлүгү 29-39 жаш арасындагылар болууда.
Тегерек столдун жүрүшүндө шаарга келип жаткан Орусия жарандарын жана мигранттарды милдеттүү медициналык кароодон өткөрүүнү жөнгө салуу маселеси да козголгону айтылат.