"Кол чатырды камдап алыңыз". 18-октябрга карата аба ырайы

Кыргызгидромет кызматынын маалыматына ылайык, эртең, 18-октябрда өлкөнүн көпчүлүк аймактарында жаан жаайт. Ал эми бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Абанын температурасы бир аз төмөндөйт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт.

Аба ырайынын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн +4 … +9, күндүз +10 … +15,

Талас облусунда түнкүсүн 0 … +5, күндүз +9 … +14,

Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында түнкүсүн +6 … +11 , күндүз +14 … +19,

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +2 … +7, күндүз +12 … +17,

Нарында түнкүсүн -2 … +3, күндүз +10 … +15,

Бишкек шаарында жаан-чачын күтүлөт. Абанын температурасы түнкүсүн +7 … +9, күндүз +13 … +15 градус болот.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан