Чүй облусунун Сокулук районундагы Жаза аткаруу кызматынын №19 түзөтүү мекемесинде волейбол боюнча мелдеш өткөрүлдү. Бул тууралуу мекемеден билдиришти.
Ага ылайык, турнир кызмат учурунда каза болгон кызматкерлердин урматына арналып уюштурулуп, ага 8 команда катышты.
Иш-чаранын алкагында мекеменин башчысы Арстан Байсынов сөз сүйлөп, өз өмүрүн тобокелге салып, милдетин аягына чейин аткаргандардын элеси тарыхта түбөлүккө сакталышы маанилүү экенин баса белгиледи.
Жыйынтыгында жеңүүчүлөр кубок, медаль, грамота жана акчалай сыйлыктарга ээ болушту. Ошондой эле көрүүчүлөрдөн эң жогорку баага ээ болгон мыкты оюнчулар аныкталып, сыйланышты.