Кыргызстанда бир жумада, тагыраагы 10-16-октябрь аралыгында COVID-19 илдети 84 адамдан аныкталды. Бул туурасында Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө департаменти берген маалыматта жазылат.
Маалым болгондой, алардын ичинен 12 адам ооруканага жаткырылган, калган 72си амбулатордук дарыланууда.
2022-жылдын 9 ай 16 күнүндө COVID-19дун 21 586 учуру катталган.