Баткен ОИИБи кенже жетектөөчү курамдагы кызматтарга сынак жарыялайт

Баткен облустук ички иштер башкармалыгы кенже жетектөөчү курамдагы кызматтарга сынак жарыялайт. Бул тууралуу Баткен ОИИБинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, аталган сынакка 19 жаштан 30 жашка чейинки жарандар катыша алат.

Сынактын шарттары төмөнкүдөй:

Мурда кылмыш жоопкерчилигине тартылбаган, анык аскердик кызматты өтөгөн же үй-бүлөлүк шарттары боюнча альтернативдик кызматты өтөгөн, бою 170 сантиметрден кем эмес Кыргызстандын жараны болушу шарт.

Тиешелүү документтер 15-ноябрна чейин кабыл алынат. Документтердин тизмегин алуу жана кызыккан суроолор боюнча Баткен ОИИБинин кадрлар бөлүмүнө кайрылсаңыздар болот.

Дареги: Баткен шаары Раззаков көчөсү 4. Байланыш үчүн телефон 0(3622) 5-02-75.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан