Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тик учак сатып алууну пландоодо

Быйыл Өзгөчө кырдаалдар министрлиги 58 заманбап өрт өчүрүүчү техникаларды жана 300 даана өрт өчүрүүчүлөрдүн атайын кийими сатылып алынды. Бул тууралуу өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев маалымат жыйында билдирди.

Анын айтымында, тилсиз жоо менен күрөшүүдө жаңы техникаларды колдонуу натыйжалуу болууда.

"Жаңы технологияларды алганыбыз ӨКМнын ишин жеңилдеткени көрүнүп турат. Мисалы, "Дордой" базарында контейнерден чыккан өрттү айтсак болот. Ал жерде материалдык чыгым көп болду. Бирок жаңы технологиялардын жардамы менен адам өмүрүнө коркунучтарды жоюп, убагында тилсиз жоо менен күрөшүүгө мүмкүнчүлүк түзүлдү", - деди Ажикеев.

Мындан тышкары республикалык казынадан Эйрбус Н-125 үлгүсүндөгү тик учак жана 34 атайын техникалар сатылып алынганын дагы бир тик учак алуу күтүлүп жатканын кошумчалады.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан