Учурда тик учакты башкара турган 6 адис даяр болду. Бул тууралуу өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев маалымат жыйында айтты.
"Бизде 6 тик учак башкара турган адистер даяр болушту. Эми 26-октябрдан 15-ноябрга чейин 6 адис Астанага барып чоң тик учактарды башкарууга үйрөнүп, даярдык көрүшөт. Андан тышкары биздин тик учак башкара турган учкучтар чет тилдерин билиши керек. Себеби аларды окуткан жай Франция. Учуу тууралуу сертификаттарын ал жактан коргоп анан алышат. Алар француз же англис тилин билиши зарыл", - деп билдирди министр.