Президент Садыр Жапаров бүгүн, 17-октябрда алдыдагы күзгү-кышкы жылытуу мезгилине өлкөнүн даярдыгы, анын ичинде калкка жана мекемелерге көмүр жеткирүү жана аларды көмүр менен камсыздоо маселеси боюнча жумушчу кеңешме өткөрдү. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан кабарлашты.
Ага министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров, мамлекеттик органдардын жана президенттик администрациянын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жетекчилери, ошондой эле тармактык мамлекеттик мекемелердин жетекчилери катышты.
Энергетика министри Таалайбек Ибраев кеңешменин катышуучуларына экономика тармактарынын жана калктын күз-кыш мезгилине даярдыгынын жүрүшү тууралуу маалымат берди.
Маалымат уккандан кийин мамлекет башчысы калктын жана экономиканын тармактарынын энергоресурстарга болгон муктаждыктарын өз убагында канааттандыруу зарылдыгын белгиледи.
Президент Садыр Жапаров жылытуу мезгилинде өлкө калкы үчүн көмүрдүн баасынын ашыкча өсүшүнө жол бербөө боюнча чараларды көрүүнүн маанилүүлүгүнө көңүл бурду. Ошону менен катар көмүрдү темир жол транспорту менен ташуу үчүн жеңилдетилген тарифти колдонуу тапшырылды.
Ошондой эле алдыдагы жылытуу мезгилинен ийгиликтүү өтүү үчүн энергетикалык объектилерди реконструкциялоо жана куруу иштерин тыкыр көзөмөлгө алууну камсыз кылуу зарылдыгы белгиленди.