Таласта аз камсыз болгон 60 үй-бүлө батирлүү болду

Бүгүн, 17-октябрда Талас шаарында аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө курулган 60 батирлүү 15 турак жайдын салтанаттуу ачылыш аземи өттү. Бул тууралуу президенттин аталган облустагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Маалымдалгандай, 15 турак үйдүн ар биринде төрт батир бар.

"Жашоочулардын ыңгайлуулугу үчүн ар бир батирде үч бөлмө, өзүнчө жуунуучу бөлмө, от жагуучу жай жана атайын тосулган короосу бар. Бардык батирлер тийиштүү эмеректер жана кир жуугуч, газ плитасы менен жабдылган”, - деп айтылат маалыматта.

Турак жайлар “Ас-Сафа Борбору” коомдук бирикмеси тарабынан курулду.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
bosmos77777
2022-10-18 12:41:00
Кайраан Кыргызым. Озогунду ортооп. Арабтынкулуна айланды.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан