Ал ушул жылы Бишкектеги Калыйнур Үсөнбеков атындагы аскер окуу жайын аяктап, Баткенге иштөө үчүн бир ай мурда барган.
14-16-17-сентябрь күндөрү Тажикстандын агрессиясынан кийин Дастандын ата-энесине анын курман болгонун угузуп, кара кагаз беришкен. Бирок ушул күнгө чейин анын сөөгү келе элек.
Бирок ушул жылдын 5-октябрь күнү УКМК бронежилет кийген аскер кызматкеринин сөөгү табылганын, дене сыртынын 90 пайыздан ашыгы жабыркагандыктан анын аты-жөнүн дароо аныктоо мүмкүн болбогонун билдирген. Жүргүзүлгөн соттук-медициналык экспертиза табылган дене дайынсыз жоголгон лейтенант Дастан Анарбековго таандык болушу мүмкүндүгүн аныктаган.