Чүй ОИИББи Токмок шаарындагы мал базарга жылкы алганы келип акчасын уурдатып жиберген карыянын окуясы боюнча кошумча маалымат берди. Анда бул факты боюнча кылмыш иши козголгону белгиленет.
Эскерте кетсек, 16-октябрь күнү интернет тармагында Токмок шаарындагы мал базарга баласынын ашына мал алуу үчүн келген карыянын 120 000 сом акчасын белгисиз адамдар уурдап кетишкенин, кайрымдуу кыргыз жигиттери ошол жерден акча чогултуп беришкени айтылган видеотасма тарап кеткен.
Бул окуя боюнча Токмок шаарынын ички иштер бөлүмүнө жана ошол окуя болгон жерде кызмат өтөгөн милиция кызматкерлерине эч ким арыз менен кайрылган эмес.
Социалдык тармактарга тараган окуя боюнча милиция тарабынан тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталган.
"Текшерүү убагында акчасын уурдаткан аксакалдын аты-жөнү аныкталды. Милиция 79 жаштагы К.М. аттуу аксакалдын үйүнө барып сүйлөшүү иштерин жүргүзгөн. Анда карыя чындап эле акчасын уурдатканын айтып арыз жазган. Арызында 16-октябрда болжол менен саат 9:00 чамасында Токмок шаарындагы мал базардан белгисиз адамдар анын күрмөсүнүн төш чөнтөгүнөн 120 000 сомун алып кетишкенин жазган. Анын айтымында, бул каражат каза болгон уулунун ашын өткөрүү үчүн жылкы алайын деген акча болчу", — деп айтылат маалыматта.
Бул факты Токмок ШИИБинде Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренеси (уурулук) боюнча иш козголгон.
"Учурда тергөө амалдары жүргүзүлүүдө. Бул иш боюнча тергөөнүн жүрүшү жана жаңы маалыматтар пайда болсо кошумча маалымат берилет. Жабыркаган тарап блогер жана социалдык тармактардын өкүлдөрүнөн ден соолугуна байланыштуу тынчын албасын суранат", - деп белгилейт милиция.