Өлкө башчы Садыр Жапаров Орусиянын президенти Владимир Путинден кыргыз-тажик чек арасындагы көйгөйдү чечүүгө көмөктөшүүсүн сурап кайрылды. Бул тууралуу 17-октябрда Коопсуздук кеңешинин катчысы Марат Иманкулов "Биринчи радиого" берген маегинде билдирди.
Ал Астанада өткөн үч тараптуу жолугушууну жемиштүү болду деп ал туурасында учкай айтып берди.
“Ал жерде ачык сүйлөшүү болду. Биздин президент чек ара маселеси тынчтык жана сүйлөшүү жолу менен чечилиши керектигин, чечиле элек маселелерди чырга же агрессияга айландырууну токтотуу зарыл экендигин белгиледи. Ошондой эле ал Орусиянын президенти Путинге чек ара маселесин чечүүдө ортомчу болушун айтып кайрылды. Себеби маселе аябай татаалдашып кетти. Биз баарыбыз бир өлкөдө - Советтер Союзунда жашаганбыз. СССРдин мураскери катары Орусиянын борборундагы архивдик мекемелерде административдик чек аралар боюнча көптөгөн документтер, карталар сакталып калган. Путин бул сунушту кабыл алды. Талаштын өзөгү эмнеде болуп жатканын жөнөткүлө деп суранышты жана баарын изилдеп чыкмай болушту Алар архивдик документтерди көтөрүп чыгып, бул маселени тынч жол менен чечип алышыбызга көмөк көрсөтмөй болушту. Бул сүйлөшүүнүн жыйынтыгы жакшы болот деп ойлойм", - деди Иманкулов.
Эске салсак, 13-октябрда Астанада Азия өлкөлөрүнүн саммитинин алкагында Кыргызстандын, Орусиянын жана Тажикстандын президенттеринин үч тараптуу жолугушуусу
болгон. Анда кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаал жабык
талкууланган эле.