
Астанада Азия өлкөлөрүнүн саммитинин алкагында өтүп жаткан
Жапаров, Путин жана
Рахмондун үч тараптуу жолугушуусу аяктады. Жолугушуунун басымдуу бөлүгү жабык форматта өттү.
Үч тараптуу жолугушууда президенттер кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасына байланышкан көйгөйлөрдү талкууламак. Аны Орусиянын лидери демилгелегени маалым болгон.
Жолугушууда Владимир Путин сөз баштап бергенден кийин, тараптардын сүйлөшүүсү жабык режимде уланды. Путин өз сөзүндө эки өлкө тең Орусиянын стратегиялык өнөктөшү экенин белгиледи. Ошондой эле үч тараптуу сүйлөшүүдө таңуулаган жагдай жок экенин, бирок жолугушуу жогорку мааниге ээ экенин кошумчалады.
Бул Тажикстандын куралдуу кол салуусунан кийинки Жапаров менен Рахмондун алгачкы жолугушуусу.