Бүгүн, 18-октябрда Билим берүү жана илим министрлиги 2021-жылдын октябрынан 2022-жылдын октябрына чейинки мезгилде аткарылган иштери тууралуу маалымат жыйын берип жатат. Ага билим берүү жана илим министринин орун басарлары Надира Жусупбекова, Расул Абазбек уулу жана башка министрликтин өкүлдөрү катышууда.
Жыйында министрликтин бир жыл ичинде аткарылган иштери тууралуу маалымат айтылды.
"Республика боюнча биринчи жолу бала бакчаларга электрондук каттоо жайылтылды. Ага ылайык, 1500 бала бакча электрондук кезекке туруу системасына кошулду. Мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын саны 1648ден 1712ге чейин, мектептер 2296дан 2333кө чейин өстү. Мугалимдердин жетишсиздиги 2785тен 839га чейин кыскарды. Маалымат дагы такталууда. Мындан тышкары мектеп директорлорунун компьютердик тестирлөө аркылуу сынак өткөрүлүп жатат. Бул коррупцияга каршы күрөшүү максатында ишке ашырылууда. Мугалимдердин маянасы 80 пайызга жогорулады. Быйыл ЖОЖдорго кабыл алуу эки этап менен, тагыраагы жайкы жана кышкы мезгилде өткөрүлөт", - деп билдирди Жусупбекова.