Өлкөдө кайсы предметтер боюнча мугалимдер жетишпей жатканы айтылды

Билим берүү жана илим министринин орун басары Надира Жусупбекова маалымат жайында кайсы предметтер боюнча мугалимдер жетишпей жатканын айтты.

Айтымында, мугалимдер жетишсиздиги аймактарга байланыштуу ар түрдүү.

"Мугалимдердин жетишсиздиги аймактарга байланыштуу болот. Мисалы, шаар жергесинде информатика, химия, математика мугалимдери керек болууда. Аймактарда башталгыч класстын мугалимдери зарыл. Октябрь айынын аягында бул боюнча мониторингдин жыйынтыгы чыгат. Ар бир аймакта ар кандай. Мындан тышкары айылдагы мектептерге мугалимдерди тартуу боюнча аларга үй салып берүү сыяктуу иштерди аткаруу боюнча сүйлөшүүлөр жүрүүдө", - деп билдирди Жусупбекова.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан