Ош. Жаштар Мелис Мырзакматовду колдоорун билдиришти

Учурда Ош шаарынын борбордук аянтында 20-ноябрда Башкы прокуратура тарабынан камакка алынган депутат Ахматбек Келдибековду бошотуу талабы жана мурдагы шаар башчы Мелис Мырзакматовдун кайрадан жумушка кайтуусун талап кылып эл митингге чыкты. Митингге чыккандардын саны 400гө чукул. 
Митингдин жүрүшүндө жаштар мэрди колдоорун билдиришти. Ошондой эле алар өкмөттүн облустагы өкүлчүлүгүнүн эшигинин жабык, ал эми мэриянын эшигинин ачык турганын айтып, тынчсызданышууда. Мындан сырткары митингге чыккандар Мелис Мырзакматов учурда кайда жүргөнүн, аны Ошко алып келүүсүн өкмөттөн талап кылышты. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан