Быйыл кесиптик лицейлердин 11 пайызына дуалдык билим берүү киргизилди. Бул тууралуу билим берүү жана илим министринин орун басары Расул Абазбек уулу маалымат жыйында айтты.
Анын айтымында, дуалдык билим берүү 50 пайыз теориялык билим берилсе, 50 пайызы практикалык негизде кесипти үйрөтүү.
"Кесиптик лицейлерде дуалдык билим берүү киргизилди. Бул 50 пайыз теориялык окутуу болсо, 50 пайыз ишканаларда практика өтөп кесипти үйрөнүү. Мындан тышкары быйыл абитуриенттер кесиптик окуу жайларга онлайн кабыл алынды", - деди министрдин орун басары.
Белгилей кетсек, Билим берүү жана илим министрлиги бир жылдык, тагыраак айтканда 2021-жылдын октябрь айынан баштап 2022-жылга чейинки аткарылган иштер тууралуу маалымат берүүдө.