Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги бир жылдык аткарылган иштери боюнча маалымат жыйын берип жатат.
Ага маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басарлары Чыңгыз Эсенгул уулу, Союзбек Надырбеков, Түмөнбай Колдошов, Канатбек Шабданбаев, Самат Шатманов катышууда.
"Өлкөдө музей системасын өнүктүрүү боюнча иштер жүрүп жатат. Корея Республикасынын Маданият, спорт жана туризм министрлигине караштуу Азия маданият ресурстары тарабынан "Кыргызстандын санариптик маданий ресурстарды башкаруу системасын иштеп чыгуу жана маданий контентти түзүү үчүн потенциалды күчөтүү" долбоору ишке ашууда. Анын алкагында 4 жылдын ичинде ишке ашырыла турган иштерге 2 миллион 500 миң доллар бөлүндү. Учурда долбоорлорду ишке ашыруу боюнча Улуттук музейде, Гапар Айтиев атындагы улуттук көркөм сүрөт музейинде жана Курманжан датка атындагы көчмөндөр цивилизациясы борборунда иш-чаралар жүргүзүлүп жатат. Ошондой эле 370 экспонат реконструкциядан өткөрүлдү", - деп билдирди Колдошов.
Чыңгыз Эсенгул уулу маданият тармагындагы кызматкерлердин маянасын көбөйтүү үчүн өлкө казынасынан кошумча 2 миллиард 100 миллион сом талап кылынганын билдирди.
"Министрликтин карамагындагы 456 мекеменин, атап айтканда, 19 425 кызматкердин айлыгы көбөйтүлгөн. Мындан тышкары жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарынын маданий мекемелериндеги кызматкерлердин маяналары жогорулатылды. Ага мамлекеттик казынадан кошумча 2 миллиард 100 миллион сом талып кылынды" , - деп айтты министрдин орун басары.