Анда талкаланган имараттарды тазалоо учурунда учак кулаган жерден көз жумгандардын сөөктөрү табылгандыгы, кырсыктан 13 адам каза болгондугу жана анын үчөө балдар экендиги айтылат.
Ошондой эле 19 адам ар кандай жаракат алган. Издөө иштери учурунда 68 адам куткарылып, 360 киши коопсуз жайга көчүрүлгөн.
Эске салсак, 17-октябрда Орусиянын Краснодар аймагына караштуу Ейск шаарчасындагы турак жай кварталдарынын бирине Су-34 бомбалоочу истребители
кулады. Маалым болгондой, Су-34 машыгуу иштери учурунда тапшырманы аткаруу үчүн асманды көздөй күү менен көтөрүлүп бара жатканда кырсыктаган.