Кадамжайда мал базардагы уурулуктун алдын алуу боюнча иш чара өткөрүлдү. Бул тууралуу Баткен ОИИБинин басма сөз кызматы кабарлады.
Маалыматка ылайык, милиция кызматкерлери Кадамжай районунун жайма жана мал базарларын кыдырып, коомдук тартипти сактоо, кылмыштуулуктун алдын алуу боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзгөн.
"Ар түрдүү чөнтөк кесер ууруларынан сак болуусу түшүндүрүлүп, ошондой эле мал уурулуктун алдын алуу максатында сарайларына жарыктандыруу, видео байкоолорду орнотуу, эшиктерин бекемдөө боюнча профилактикалык иштер жүргүзүлүүдө",- деп айтылат маалыматта.