Шаар ичиндеги абактарды калаа четине көчүрүү иштери жүрүүдө

Шаар ичиндеги абактарды калаа четине көчүрүү иштери жүрүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 18-октябрда Юстиция министринин орун басары Алмазбек Зарылбек уулу маалымат жыйында билдирди.

"Жаза аткаруу кызматы багыты боюнча техникалык абалын жакшыртуу боюнча иштер жүрүп жатат. Бишкек, Ош жана Жалал-Абад шаарында жайгашкан тергөө абактарын шаар четине чыгаруу боюнча иштер жүрүүдө. Мындан тышкары бир нече жабык абактарда соттолгондордун турак жайларын деңгээлин көтөрүү үчүн курулуш иштери жүрүүдө. Бүгүнкү күндө автоматташтырылган системасы иштелип чыкты. Анын кээ бири тестирлөөдө. Пробация департаменти жаңы орган, департамент 2019-жылы түзүлгөн. Жазаланган жарандар боюнча тиешелүү көзөмөл жүргүзөт. Бул кызмат бардык аймактарда түзүлгөн. Пробация 4 багытта иш алып барат. Бүгүнкү күндө толугу менен санарип системасы ишке кирген. Соттук эксперттик кызматтын түштүктө жаңы имараты салынып ишке кирди. Ал жакта дагы санариптик системасы иштеп баштады", - деди Алмазбек Зарылбек уулу.

Белгилей кетсек, Юстиция министрлиги 9 ай ичинде аткарылган иштер боюнча маалымат жыйын берүүдө. Ага Юстиция министринин биринчи орун басары Зарема Аскарова, орун басарлары Алмазбек Зарылбек уулу жана Орозбек Сыдыков катышып, коомчулукка маалымат берип жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан