Жалал-Абад облусунун Ноокен районунда милициянын 4 имараты колдонууга берилди. Бул тууралуу облустук милициянын басма сөз кызматынан билдиришти.
"Чек арага жакын жайгашкан аймактардын кызматкерлеринин иштөө шарттарын жакшыртуу жана ден соолугуна кам көрүү максатында 3 милиция бөлүмчөсү жана 1 спорт аянтчасы ачылды. Алар Достук аймактык милиция бөлүмчөсү, Момбеков айыл аймагындагы милициянын аймактык пункту, райондук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн имараты жана РИИБдин кичи футбол аянтчасы", - деп жазылат маалыматта.
Ачылыш аземге президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абсаттар Сыргабаев, Жалал-Абад ОИИБинин начальниги Ашим Тагаев, Ноокен районунун акими Таалай Ишенбеков жана жергиликтүү тургундар катышты.