Мигранттар маселеси айтылды. Иманкулов Орусиянын Коопсуздук кеңешинин катчысынын орун басары менен жолукту

Кыргызстандын Коопсуздук кеңешинин катчысы Марат Иманкулов Орусиянын Коопсуздук кеңешинин катчысынын орун басары Олег Храмов менен жолугушту. Бул тууралуу президенттин администрациясынын маалыматтык саясат кызматы билдирет.

Маалымдалгандай, жолугушуунун жүрүшүндө регионалдык коопсуздук, заманбап чакырыктарга жана коркунучтарга каршы туруу алкагында кыргыз-орус эки тараптуу кызматташтыгынын абалы жана аны мындан ары да чыңдоо маселелери боюнча пикир алмашуу болду. Мындан сырткары кыргыз-тажик чек арасындагы актуалдуу кырдаал жана аны жөнгө салуунун келечеги талкууланды.

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровдун Астана шаарында (Казакстан) өткөн "Орусия-Борбор Азия" Саммитинде сүйлөгөн сөзүнүн контекстинде Марат Иманкулов Кыргызстандын жарандарынын Орусиянын аймагында жүрүүсүнө ыңгайлуу шарттарды түзүү маселелерине кеңири токтолду.

Миграциялык каттоонун жол-жобосун өркүндөтүү, ошондой эле Кыргызстандын жарандарын легалдаштырууга жана алардын Орусияда укуктук статусун жөнгө салууга тоскоолдук кылган себептерди четтетүү боюнча россиялык тараптан көмөк көрсөтүү зарылдыгы айтылды.

Кыргыз тараптын Орусияда эл аралык жана улуттук айдоочулук күбөлүктөрдүн жарактуулугуна мүмкүн болгон чектөөлөр тууралуу тынчсыздануусу жеткирилди. Кыргызстандын жарандары тарабынан алардын Орусиянын аймагына кирүүгө тыюу салынган адамдардын тизмесинде болушу мүмкүндүгүн эрте, көз карандысыз жана аралыктан текшерүү механизмин иштеп чыгуу боюнча сунуштар киргизилди. Кыргыз тараптын Орусиянын аймагынан чыгаруу шарттарын бир аз жумшартуу боюнча каалоолору белгиленди.

Өз кезегинде Марат Иманкулов белгилегендей, Кыргызстан кыргыз-орус мамилелеринин эки тараптуу форматында да, эл аралык интеграциялык бирикмелердин платформаларында да мурда жетишилген макулдашууларды ишке ашыруу боюнча ишти улантууга даяр.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан