Юстиция министрлигинин Жазаларды аткаруу кызматы кызматкерлерди ишке кабыл алууну жарыялайт. Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматынан билдиришти.
Коюлган талаптар:
Офицердик курамга: Жогорку билим; аялдарды кошпогондо, аскердик же альтернативдик кызмат (үй-бүлөлүк себептер боюнча); жашы 35 жашка чейин; орус жана кыргыз тилдерин билүү.
Контролёр: Орто, орто атайын же жогорку билимдүү болуусу; Аскердик же альтернативдик кызмат (үй-бүлөлүк себептер боюнча); Жашы 30 жашка чейин; Бою 165 сантиметрден кем эмес.
Кыргыз Республикасынын Жаза аткаруу тутумунда кызмат өтөөнүн шарттары: Эмгек стажынын жеңилдетилген эсеби боюнча пенсияга чыгуу (1 күнгө 1,5 күн); Контролёрлордун эмгек акысы 35 000 сом жана стажына жараша андан жогору; Улук инспекторлордун эмгек акысы 45 000 сом жана стажына жараша андан жогору; Дайындалган учурдан тартып атайын наамды ыйгаруу;
Жаза аткаруу тутумунун кызматкерине берилүүчү башка социалдык кепилдиктер бар.
Бардык каалоочулар резюмесин ukorg215@mail.ru электрондук дарегине жөнөтсө болот же Бишкек шаары, Ибраимов көчөсү 106, ЖАКтын Борбордук аппараты. Телефондор: 0312 43-82-10, 43-84-60, 0553-81-03-02.