Орусияда Кыргыз жарандары мобилизация болгон жок

Орусияда Кыргыз жарандары мобилизация болгон фактылар катталган жок. Бул тууралуу Консулдук кызмат департаментинин директору Алмаз Имангазиев маалымат жыйында билдирди.

"21-сентябрдан баштап Орусиянын президенти Владимир Путин мобилизация боюнча жарлыкка кол койгон. Ага байланыштуу биздин элчилик, башкы консулдук бул маселени көзөмөлгө алган. Бүгүнкү күнгө чейин Кыргыз жарандары мобилизация болгон жок. Болгону күнүмдүк негизинде жарандарыбыз элчиликке чалып консультация алышты", - деп жооп берди Имангазиев.

Белгилей кетсек, Тышкы иштер министрлиги бир жылда аткарылган иштери тууралуу маалымат жыйын берип жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан