Кыргызстандын жана Польшанын Орусиядагы элчилери Гүлнара-Клара Самат жана Кшиштоф Краевский эки тараптуу жолугушууларды өткөрдү. Бул тууралуу элчиликтин басма сөз кызматынан кабарлашты.
"Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар кыргыз-поляк мамилелеринин бир катар актуалдуу маселелерин талкуулап, эки тараптуу мамилелерди өнүктүрүүгө багытталган биргелешкен иш-чараларды активдештирүү зарылдыгын белгилешти", - деп айтылат билдирүүдө.
Тараптар Кыргызстан менен Польшанын ортосундагы достук мамилелерди өнүктүрүүгө жана бекемдөөгө өз ара даярдыгын билдиришти.