Ош шаарынын мэри Алмаз Мамбетовго козголгон 4 кылмыш иши тергелип жатат. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Башкы прокуратурадан билдиришти.
Маалыматка ылайык, учурда Ош шаарынын мэрине кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси ("Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу") менен козголгон кылмыш ишинин алкагында тергөө иштери жүрүүдө. Бул кылмыш иши Балыкчы шаарынын мэриясынын кызматкерлерине козголгон.
Алмаз Мамбетов 2014-жылдан 2019-жылга чейин Балыкчы шаарынын мэри болгон.