Дүйнөдө миллиондогон кыздардын сүймөнчүгүнө айланган түштүк кореялык BTS тобунун жигиттери аскерде кызмат өтөшөт. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, буга чейин гастролдук графигинен улам кийинкиге калтырылган вокалист Чин биринчилерден болуп аскердик милдетин өтөйт. BTS тобунун калган мүчөлөрү да пландалган концерттеринен кийин аскерге барышат.
Белгилей кетсек, BTS тобу 2025-жылы кайрадан биригип, чыгармачылыгын улантышмакчы.
Түштүк Кореяда эмгекке жарамдуу ар бир эркек милдеттүү түрдө эки жылдык аскер кызматын өтөшү керек. Бирок азыркы мыйзамдар Маданият, спорт жана туризм министрлигинин сунушу менен дүйнөлүк деңгээлдеги спортчуларга жана музыканттарга анын ордуна альтернативалык кызмат өтөөгө уруксат берет.