Жалал-Абад шаарында Раатбек Санатбаев атындагы спорт мектебинде бокс боюнча жаштар арасындагы IX эл аралык турнирдин ачылуу аземи өттү.
Шаардык мэриянын маалымат борбору билдиргендей, спорттук мелдеш бокс боюнча Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген машыктыруучусу, СССРдин спорт чебери Кочкорбек Алимжановдун жаркын элесине арналып уюштурулду.
Мелдешке Казакстандан, Өзбекстандан жана Кыргызстандын аймактарынан келген жалпысынан 100дөн ашуун спортчу катышууда. 11 команда катышкан мелдеште мушкерлер 48 килограммдан 80 килограммга чейинки салмактык категорияда күч сынашат.
Мелдеш 20-октябрда жыйынтыкталат. Жеңүүчүлөргө дипломдор, Кубоктор жана баалуу белектер берилет.