Президент Садыр Жапаров “Кыргыз Республикасынын административдик-аймактык түзүлүшүн өркүндөтүү жана региондорду өнүктүрүү боюнча андан аркы чаралар жөнүндө” жарлыкка кол койду. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.
Кыргыз Республикасынын административдик-аймактык түзүлүшүн андан ары өркүндөтүү, аймактардын туруктуу өнүгүүсүн камсыз кылууда материалдык жана финансылык ресурстарды натыйжалуу пайдалануу, региондордо калкка көрсөтүлүүчү мамлекеттик, социалдык жана тейлөө кызматтарынын жеткиликтүүлүгүн жана сапатын жогорулатуу максатында, ошондой эле 2026-жылга чейин Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүүнүн улуттук программасын ишке ашыруунун алкагында, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 71-беренесине ылайык
токтом кылынат:
коомдун жана мамлекеттин учурдагы керектөөлөрүнө жооп берген, Кыргыз Республикасынын жаңы түзүлгөн административдик-аймактык бирдиктеринде башкаруунун жаңы системасын киргизүү менен Кыргыз Республикасынын административдик-аймактык түзүлүшүнүн жаңы модели жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамынын долбоорун;
аймактык-мейкиндикти пландаштыруунун заманбап методдорун жана инвестициялык активдүүлүкө дем берүүнүн жаңы механизмдерин колдонуу менен райондорду адистештирүүгө жана өнүктүрүүнүн ири таяныч борборлорун түзүүгө негизделген региондорду комплекстүү социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн мамлекеттик программасынын долбоорун;
калктын санына жана калктуу конуштардын (шаар, айыл) тибине жараша региондордогу калк үчүн инженердик-коммуникациялык жана социалдык инфраструктуранын жеткиликтүүлүгүнүн региондук стандарттарынын системасын;