Бүгүн, 18-октябрда ички иштер министри Улан Ниязбеков менен Орусиянын Коопсуздук кеңешинин катчысынын орун басары Олег Храмовдун жумушчу жолугушуусу болуп өттү. Бул тууралуу SUPER.KG порталына ИИМдин басма сөз кызматынан билдиришти.
Жолугушуунун жүрүшүндө кызматташтыкты мындан ары бекемдөө талкууланып, эки тараптуу өз ара аракеттенүүнүн актуалдуу маселелери боюнча пикир алмашуу болду.
ИИМдин башчысы эки өлкөнүн Ички иштер министрликтеринин стратегиялык кызматташтыкты жана ар тараптуу өз ара аракеттенүүнү бекемдөөгө болгон өз ара умтулуусун зор канааттануу менен белгиледи.
Мындан тышкары Улан Ниязбеков бүгүнкү Ички иштер министрлиги кылмыштуулук менен күрөшүүдө технологиялык прогресстин глобалдык мүмкүнчүлүктөрүн жигердүү колдонуп жаткандыгын белгиледи.
Жолугушуунун аягында тараптар укук тартиби жана коопсуздук чөйрөсүндөгү эки тараптуу кызматташтыкты жогору баалашып, мындан ары натыйжалуу өз ара аракеттенүүгө даяр экендиктерин билдиришти.
Жолугушуу жылуу жана достук маанайда өттү.