Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолунун курулушунун долбоору боюнча иштер активдештирилди. Бул тууралуу “Кыргыз темир жолу” мамлекеттик ишканасынан билдиришти.
Маалымдалгандай, учурга карата кытайлык курулуш корпорациясынын 180ден ашык кызматкери Нарын жана Жалал-Абад облустарында иштеп, техникалык-экономикалык негиздемени даярдоо боюнча жумуштарды аткарууда.
Эске салсак, аталган темир жолунун курулушу боюнча меморандумга Самаркандда өткөн саммитте кол коюлган.