Бүгүн, 6-декабрда Ош шаарынын борбордук аянтына депутат Ахматбек Келдибековду бошотуусун жана экс-мэр Мелис Мырзакматовдун жумушка кайтып келүүсүн талап кылып чыккан митингчилердин саны барган сайын өсүүдө. Митингчилер арасында эртең саат 09да Мелис Мырзакматовдун эл менен жолугушары тууралуу кептер айтылууда.