Бир жыл ичинде Орусияда Кыргызстандын 47 миң жараны “кара тизмеден” чыкты. Бул тууралуу тышкы иштер министринин биринчи орун басары Нуран Ниязалиев маалымат жыйын учурунда билдирди.

Анын айтымында, Кыргызстан бул маселени көп жылдан бери көтөрүп келген.

“Аталган маселе көп убакыттан бери президенттердин, өкмөт башчыларынын жана министрлердин деңгээлинде көтөрүлүп келген. Жыйынтыгында ушундай чечим кабыл алынды”, – деди Ниязалиев.