Ош шаарынын кооздугун сүрөт менен жайылткандар сыйланды

Ош шаарынын кооз көрүнүшүн, өзгөчөлүктөрүн, жашоосун сүрөткө, видеого тартуу менен интернет тармагына жайылтуу аркылуу туризмдин өнүгүшүнө салым кошкондор сыйланды. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынан кабарлашты.

Аларга Ош шаарынын мэриясынын Ардак грамотасы жана бренди тапшырылды. Мэр Алмаз Мамбетов өз сөзүндө аларга туризмдин өнүгүшүнө салым кошуп жаткандары үчүн ыраазычылыгын билдирди.

"Мен баарыңыздарга ыраазычылык билдирем. Бул иш-чараны Ош шаарынын күнүнө карата пландаганбыз. Бирок ошол учурдагы окуяларга байланыштуу өз учурунда ишке ашпай калды. Азыр баары интернет аркылуу маалымат алат. Андыктан сиздер тарткан сүрөт, видеолор, бөлүшкөн маалыматтар ички туризмдин өнүгүшүнө да салым кошууда. Мындан ары да ушул темпте, чыгармачылык аркылуу шаардын өнүгүүсүнө көмөктөшө бериңиздер", - деп белгиледи мэр.

Аны менен катар чогулгандар шаар тургундарына жана конокторуна шарт түзүү багытында өздөрүнүн сунуштарын мэрге айтышты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Саман
2022-10-20 07:39:00
Азаматтар
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан