Америкалык реалити шоулордун жылдызы, актриса, фотомодель жана дизайнер Ким Кардашьян 21-октябрда 42 жашка толду.
Ким Кардашьян 1980-жылы Лос-Анжелесте жарык дүйнөгө келген. Актрисанын атасы Роберт Кардашьян белгилүү адвокат болгон.
Ал "Кардашьяндын үй-бүлөсү" аттуу популярдуу реалити-шоусу чыккандан кийин дүйнөлүк атактуулукка жеткен.
Ким Кардашьян бир туугандары Кортни , Хлои жана иниси Роб менен.
Ким Кардашьяндын чыгармачылыкка болгон биринчи кадамы 2007-жылдын октябрь айында "Е" телеканалы үчүн тартылган реалити шоусу болгон. Ал реалити шоунун саны бүгүнкү күнгө чейин жыйырма сезонго жеткен.
2010-жылы Ким Кардашьян алты миллион доллар кирешеге чыгып, эң көп төлөнгөн реалити шоунун жылдызы аталган. Ал каражатынын 10 пайызын кайрымдуулукка жумшап келген.
Ким Кардашьян сиңдилери менен биргеликте бир топ тармакта бизнес ачып, бир нече бренддердин дизайнерлери болгон.
Ал 2000-жылы продюссер Деймон Томаска турмушка чыгып, түгөйлөр 2004-жылы эки ажырым жолго түшкөн.
Экинчи жолу 2010-жылы "Нью-Джерси Нетс" баскетбол командасынын чабуулчусу Крис Хамфриске турмушка чыккан. Бир жылдан соң ажырашуу чечимин кабыл алышкан.
2014-жылы 24-майда Ким үчүнчү жолу репер Канье Уестке турмушка чыгып, төрт баланын ата-энеси болушкан. Түгөйлөр 2022-жылы 2-мартта расмий ажырашканын жарыялашкан.
Ким Кардашьян бир катар номинация жана премиялардын ээси.
21-октябрдын жылнаамасы.