КРнын Тышкы иштер
министри Эрлан Абдылдаев Киевде өткөн Европадагы коопсуздук жана кызматташуу
уюмуна кирген мамлекеттердин тышкы иштер министрлеринин 20-жыйынынын алкагында
Финляндиянын тышкы иштер министри Эркки Туомиойя менен жолугушту. Бул тууралуу
аталган министрликтин басма сөз кызматы бүгүн, 6-декабрда кабарлады.
Жолугушууда
тараптар КР менен Финляндиянын суу ресурстары, саламаттык сактоо тармактарындагы
кызматташуулардын өнүгүү жолундагы баскычтары тууралуу кеп алышты. Ошондой эле
министрлер мамлекеттер аралык өз ара кызматташууну бекемдөө үчүн расмий иш сапарларды уюштуруу
зарылчылыктарын белгилеп өтүштү.