Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзийоев Түркмөнстанга болгон сапарынын алкагында, Түркмөнстан парламентинин Жогорку палатасынын төрагасы, экс-президент Гурбангулы Бердымухамедов менен жолугушту. Мындай маалымат Өзбекстандын президентинин расмий сайтына жарыяланды.
Жолугушууда эки тараптуу кызматташуунун кеңири чөйрөсү, аймактык жана эл аралык платформалардагы өз ара аракеттенүү маселелери талкууланды.
Жолугушуунун соңунда Гурбангулы Бердымухамедов Шавкат Мирзийоевге алабай породасындагы күчүк белек кылды.