Швейцария Европадагы Коопсуздук жана Кызматташтык Уюмуна төрагалык кылып турган мезгилде Кыргызстанга саясий колдоо көрсөтөт

Швейцария Европадагы Коопсуздук жана Кызматташтык Уюмуна төрагалык кылып турган мезгилде Кыргызстанга саясий колдоо көрсөтөт. Бул тууралуу Киевде өткөн Европадагы Коопсуздук жана Кызматташуу Уюмуна кирген мамлекеттердин тышкы иштер министрлеринин 20-жыйынында Швейцариянын тышкы иштер министри Дидье Буркхалтер Эрлан Абдылдаев менен болгон жолугушуусунда билдирген. Бул тууралуу бүгүн, 6-декабрда министрликтин басма сөз кызматы билдирет. 
Жолугушууда министрлер эки тараптуу кызматташуулардын деңгээлин жогору баалап, мамлекеттер ортосундагы мамилелердин мындан ары да өнүгөөрүнө терең ишенимде экендигин айтышты. Алар соода-экономикалык багытта кызматташуулардын өркүндөөрүн айтып, Кыргызстан рыногуна швейцариялык инвесторлорду тартуу зарылчылыгын белгилешти. Ошондой эле Швейцариянын министри Швейцария Кыргызстанга Европадагы Коопсуздук жана Кызматташтык Уюмуна төрагалык кылып турган мезгилде өлкөгө саясий колдоо көрсөтүүгө даяр экендигин билдирди.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан