
Бишкекте кармалган 22 саясатчы жана жарандык активисттердин бөгөт чарасы Биринчи Май райондук сотунда 24-25-октябрь күндөрү каралды. Натыйжада соттун чечимине ылайык, 21 жаран тергөө абагына киргизилип, бирөө ден соолугуна байланыштуу үй камагына чыгарылды.
Алар:
- активист Чыңгыз Капаров - Бишкек шаарындагы СИЗО-1де эки айга;
- активист Айданбек Акматов - Бишкек шаарындагы СИЗО-1де эки айга;
- активист Али Шабдан - Бишкек шаарындагы СИЗО-1ге эки айга;
- саясатчы Азимбек Бекназаров - Бишкектеги СИЗО-1де эки айга;
- саясатчы Равшан Жээнбеков - Бишкектеги СИЗО-1де эки айга;
- экс-депутат Асия Сасыкбаева - Бишкек шаарындагы СИЗО-1ге эки айга;
- активист Таалайбек Мадеминов - Бишкек шаарындагы СИЗО-1де эки айга;
- активист Айбек Бусурманкулов - Бишкек шаарындагы СИЗО-1ге эки айга;
- саясатчы Перизат Суранова - эки айга Бишкектеги СИЗО-1ге;
- журналист Эрлан Бекчороев - Бишкек шаарындагы СИЗО-1де эки айга;
- активист Улукбек Маматаев - эки айга Бишкектеги СИЗО-1де;
- активист Гүлнара Журабаева - Бишкек шаарындагы СИЗО-1де эки айга;
- экс-депутат Кубанычбек Кадыров - эки айга Бишкек шаарындагы СИЗО-1ге;
- УКМКнын мурдагы төрагасы Кеңешбек Дүйшөбаев - эки айга Бишкек шаарындагы СИЗО-1ге;
- активист Нурлан Асанбаев - Бишкектеги СИЗО-1де эки айга;
- саясатчы Бектур Асанов - Бишкек шаарындагы СИЗО-1де эки айга;
- Конституциялык палатанын экс-судьясы Клара Сооронкулова - Бишкек шаарындагы СИЗО-1ге эки айга;
- укук коргоочу Рита Карасартова - Бишкек шаарындагы СИЗО-1де эки айга;
- саясатчы Жеңиш Молдокматов - Бишкектеги СИЗО-1де эки айга;
- активист Атай Бейшенбек - Бишкек шаарындагы СИЗО-1де эки айга.
Жогорку Кеңештин экс-депутаты, 2020-жылдагы октябрь окуяларынын учурунда бир аз убакыт төрагалык кызматты аркалаган Канат Исаев бир айга УКМКнын тергөө абагына киргизилди. Ал эми Талант Эшалиев болсо ден соолугуна байланыштуу үй камагына чыгарылды.
Белгилей кетсек, 23-октябрда милиция бир катар саясатчы, жарандык активисттерди кармап кеткен. Ички иштер министрлиги билдиргендей, аларга Кылмыш-жаза кодексиндеги “Массалык башаламандыктарды уюштурууга даярдануу” беренеси (36, 278) менен козголгон кылмыш иштин алкагында тергөө жүргүзүлүүдө.