Орусия
Федерациясынын Премьер-министри Дмитрий Медведев Орто Азия мамлекеттеринин
жарандарынын өлкөгө виза менен кирүүсү өкмөттүн планында каралбаганын айтты.
Мындай билдирүүнү Медведев бүгүн, 6-декабрда, “Россия” телеканалынын түз эфиринде жергиликтүү журналисттери менен болгон маек учурунда (Бишкек убактысы боюнча саат 14:00дө) билдирди.
Өкмөт башчы КМШ
мамлекеттери менен болгон визасыз каттоолор сакталыш керектигин эскертти. Ал мунун
себебин Орусия КМШдан келген жогорку квалификациялуу адистер менен катар квалификациясы
төмөн, бирок курулушту мыкты билген кадрларга муктаж экендиги менен түшүндүрдү.
Анын айтымында, виза режими киргизилбесе
да чек арадан өтүүдө бардык формалдуулуктар сакталып, паспорт, камсыздандыруу
карталары текшерилип, каттоодон өтөт. Ошондой эле
премьер-министр мыйзамды бузган мигранттар жоопко тартылып, өз мамлекетине
жөнөтүлөрүн жана жазага эмгек мигранттары менен катар алардын жумуш
берүүчүлөрү да тартыларын кошумчалап өттү.