Жаза аткаруу кызматынын Кайтаруу жана күзөтүү департаментинде аскердик ант берүү аземи болуп өттү. Маалыматты мекемеден билдиришет.
Аземге Чүй облусунун Молдовановка жана Беловодское айылдарында, ошондой эле башка жерлерде жайгашкан ДОКтун окуу роталарынын жоокерлери катышып, ант беришти.
Иш-чарага жоокерлердин жакындары жана жакынкы түзөтүү мекемелеринин жетекчилери, Жаза аткаруу кызматынын ардагерлери чакырылган.
ЖАКтын төрагасы Аскат Эгембердиев аскер кызматкерлерин алардын жашоосундагы маанилүү окуя менен куттуктады.
"Бүгүн аскердик ант берип жатып, өзүңөрдүн туруктуулугуңарды жана эрдигиңерди сыноого даяр болгула, өлкөбүздүн элинин бейпил турмушун коргоо боюнча ыйык милдетиңерди татыктуу аткаргыла" деди ал.
Ошондой эле майрамдык акциянын жүрүшүндө конокторго казарманын жана ашкананын оңдоп-түзөөдөн өткөн жайлары көрсөтүлдү. Мындан тышкары концерт жана жоокерлердин саптык ыр, куралды колдонуу ыкмалары көрсөтүлдү.
Белгилүү болгондой, жоокерлер даярдоо программасынын курсун аякташты. Анда алар армиянын жашоосуна, анын күнүмдүк тартибине көнүп, аскердик уставдын жоболорун жана алардын функционалдык милдеттерин үйрөнүштү.