Бүгүн, 6-декабрда Ош шаарынын борбордук аянтында камакка алынган Ахматбек Келдибековду бошотуу жана жумуштан алынган шаар башчы Мелис Мырзакматовду ордуна коюу талабы менен эл митинг өткөрүшүүдө.
10 аксакал өкмөттүн Оштогу өкүлү Сооронбай Жээнбеков менен сүйлөшүүгө кирген. Бирок ал жерден журналисттер чыгарылып, сүйлөшүүлөр өтүп жатат.
Ага чейин аксакалдар Мелис Мырзакматовдун камакка алынганы тууралуу сөздөр айтылганын билдиришти. Ал эми Сооронбай Жээнбеков шаар башчынын камалышы тууралуу эч кандай маалыматы жок экендигин айтты.
Бул тууралуу аймактык кабарчыбыз Элира Чынтемир кызы билдирди.