Талиева: "Үйлөрдү кышка чейин бүтүрүп беребиз деген сөзүбүз кайда калды?"

Тажикстандын соңку куралдуу кол салуусунан Баткендин Лейлек районунун Кулунду жана Жаңы-Жер айыл аймагында бир топ социалдык объектилер жана жеке турак жайлар кыйраган. Аталган аймактарда жалпысынан 74 үй талкаланган болсо, бүгүнкү күндө анын 16сынын гана фундаменти бүткөн. Калган 58 үйдүн курулушу да баштала элек. Бул тууралуу Жогорку кеңештин депутаты Камила Талиева бүгүнкү жыйын учурунда билдирди.

"Биздин кышка чейин үйлөрдү бүтүрүп беребиз деген сөзүбүз кайда калды? Бир ай убакыт калды. Эл кайда жашайт? Тендерге 30 курулуш компаниясы катышкан экен. Бир компания Бишкектен катышыптыр. Атын атабай эле коёюн. Бөлүнгөн 3 миллиард акча кайда калды? Бишкектеги курулуш компаниясынын чөнтөгүндө турабы? Элдин көчүп жатканы мына ушундан болуп жатат. Жаңы-Жер айылындагы элдин 40-50 пайызы Бишкекке келип алды", - дейт Талиева.

Эскерте кетсек, ушул жылдын 14-16-17-сетябрь күндөрү Тажикстандын куралдуу салуусунан облус боюнча талкаланган турак жайлардын саны 400гө жакындаган. 200 миңге жакын Кыргыз жараны коопсуз жайга эвакуация болууга аргасыз болушкан. Жабыркагандардын саны 200гө чамаласа, 63 жаран шейит кеткен.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан