Президент Садыр Жапаров бүгүн, 27-октябрда иш сапары менен Казакстандын Астана шаарына барды. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан кабарлашты.
Белгиленгендей мамлекет башчысынын учагы Нурсултан Назарбаев атындагы эл аралык аэропортко конду.
Иш сапардын алкагында президент Садыр Жапаров "Борбор Азия - Европа Биримдиги" лидерлеринин биринчи жыйынына катышып, жогорку деңгээлдеги бир катар эки тараптуу жолугушууларды өткөрөт.
Мындан тышкары мамлекет башчысы Кыргызстандын Казакстандагы Маданият күндөрүнүн ачылыш аземине катышат.