
Эртең, 28-октябрдан тарта Ош шаарындагы социалдык объектилерге жана турак жайларга жылуулук берилет.
Мэриянын маалыматына ылайык, жылуулук берүүдө көйгөйлөр жаралса, шаардык муниципалдык турак жай-коммуналдык башкармасынын авариялык кызматына байланышса болот.
Авариялык кызмат 24 саат бою кызматта. Байланыш номерлери:
(03222) 5-66-24
(0999) 58-66-24
(0509) 58-66-24
Белгилей кетсек, калаа башчысы Алмаз Мамбетов 28-октябрдан баштап бардык социалдык объектилерге жана турак жайларга жылуулук берүүнү баштоо боюнча буйрукка кол койгон.