Мамлекеттик жана муниципалдык жалпы билим берүү уюмдарынын жетекчилеринин бош кызмат орундарын ээлөөгө сынактын үчүнчү айлампасы жарыяланды. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлиги кабарлайт.
Маалыматка таянсак, сынакка катышуу үчүн талапкер документтерди 27-октябрдан 14-ноябрга чейин тиешелүү облустун электрондук дарегине жөнөтөт:
- Жалал-Абад облусу - konkurs3.ja.2022@gmail.com
- Ысык-Көл облусу - konkurs3.ik.2022@gmail.com
- Нарын облусу - konkurs3.naryn.2022@gmail.com
- Ош облусу - konkurs3.osh.2022@gmail.com
- Талас облусу - konkurs3.talas.2022@gmail.com
- Чүй облусу - konkurs3.chui.2022@gmail.com
Эске салчу жагдай: Документтерди өз убагында тапшырбай калуу же толук берилбеши талапкерди сынактан четтетүүгө негиз болуп эсептелет.
Облустар боюнча бош орундардын саны:
- Ысык-Көл облусу – 17
- Нарын облусу – 10
- Чүй облусу – 59
- Талас облусу – 14
- Жалал-Абад облусу – 105
- Ош облусу – 101
Бишкек, Ош шаарларында жана Баткен облусунда конкурстун үчүнчү айлампасын өткөрүү жакынкы күндөрү белгилүү болот. Ал эми тестирлөөнүн графиги жөнүндө кошумча маалымат берилет.