Эл өкүлү Жеңишбек Токторбаев парламенттин бүгүнкү жыйынында кесиптештеринин массалык камоолор боюнча айткан сындарына каршы пикир билдирди.
"Белгилүү саясатчылар, белгилүү блогерлер камалды" деп айтылды. Бирок мен ага кошула албайм. Бизде камалып жаткандар "дежурный саясатчылар". Алар бийликти гана көздөгөн адамдар. Эгерде бийлик берсе мактайт, бийликтен кетсе жамандайт. Мен Кыргызстанга белгилүү саясатчылар катары Өмүрбек Текебаев, Темир Сариев, Накен Касиев, Медеткан Шеримкулов, Апас Жумагулов, Садыр Жапаров жана Камчыбек Ташиевди билем", - деди эл өкүлү.
Ошондой эле ал экс-президент Алмазбек Атамбаевдин кайрылуусуна токтолуп, анын "кармалган жаштар менен аялдарды чыгарыш керек" деген пикирине кошулбай тургандыгын айтты.
"Ал кишинин мезгилинде деле аттуу-баштуу саясатчылар камалбады беле. Текебаев, Жапаров,Ташиев, Мамытов камалган. Анда башка белгилүү журналисттер дагы камалбады беле", - деп билдирди Токторбаев.